КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 10-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 10/2
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун
ПРСВСНО алдындагы долбоору менен кызматташуу жөнүндө.
.
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Жаңы-Тилек айылы экинчи этапка киргендигин байланыштуу кызматташтыкка макулдук берүү максатында Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Жаңы-Тилек айылы экинчи этапка киргендигин байланыштуу кызматташтыкка макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
Айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басары |
А. Жунусов |