Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын

II сессиясынын

 

2024-жылдын 06-марты № 3

 

“Күмүштак айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемесинин айылдык Кеңешин түзүү жөнүндө

 

            “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын жана “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү Кеңештердин иши жѳнүндѳгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген убактылуу Жобону жетекчиликке алып, ошондой эле Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген Жобону жана ошондой эле “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомун ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамын жетекчиликке алып Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын II сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, “Боо-Терекайылдык аймактык кеңеши” жана  Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, “Оро айылдык аймактык кеңеши” бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, “Күмүштак айыл аймагынын айылдык Кенеши” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук расмий (фирмалык) аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Күмүштак айыл аймагынын айылдык Кенеши” мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кенеш Кумуштакского айылного аймака”.

Кыскартылган расмий (фирмалык) аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Күмүштак айыл аймагынын айылдык Кенеши” м-е.

- Расмий тилде: У-е “Айылный Кенеш Кумуштакского айылного аймака”.

2. Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, “Боо-Терек айылдык аймактык кеңеши” жана Талас облусунун, Бакай-Ата районунун “Оро айылдык аймактык кеңеши” мекемесин бириктирүү жолу менен жаңыдан кайра түзүлгөн «Күмүштак айыл аймагынын айылдык Кеңеши» мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

 

3.«Күмүштак айыл аймагынын айылдык Кеңеши» мекемесинин Жобосу бекитилсин (Жобосу тиркелет).

4. «Күмүштакайыл аймагынын айылдык Кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Бакай-Ата району, Боо-Терек айылы, Ч.Сатаев көчөсү №143 үйү болуп аныкталсын.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы

 

А. Т. Мамыралиев

 

 

БЕКИТИЛДИ

“Күмүштак айыл аймагынын

айылдык кеңешинин”

2024-жылдын 06-мартындагы №3

токтому менен

 

Өткөрүп берүү актысы

 

Боо-Терек  айылы

 

“06” март 2024-ж.

 

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 21-февралындагы № Б-13/66 буйругу менен түзүлүп бекитилген төмөндөгү комиссия курамы:

С. Мамбетов - Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун

басары, комиссиянын төрагасы;

А. Сыдыков - Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат

жетекчиси, төраганын орун басары;

Б. Калыбаев - Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү

адиси,комиссиянын катчысы;

Г. Саманчиева - Бакай-Ата финансы башкармалыгынын башчысы,

комиссиянын мүчөсү;

К. Бердалиев - Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын

башчысы, комиссиянын мүчөсү;

Ш. Өзүбеков - Бакай-Ата райондук мамлекеттик архив бөлүмүнүн башчысы,

комиссиянын мүчөсү;

Б. Жолдошбеков - МСК Бакай-Ата району боюнча башкармалыгынын башчысы,

комиссиянын мүчөсү;

Н. Султанов - Бакай-Ата райондук статистика бөлүмүнүн башчысы,

комиссиянын мүчөсү;

Н. Исмаилова - Бакай-Ата райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция

башкармалыгынын башчысы, комиссиянын мүчөсү;

А.Мамыралиев - Боо-Терек айылдык кеңешинин төрагасы;

А.Мамыралиев - Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасы болуп төмөндөгүдөй Өткөрүп берүү актысын түздүк.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун “Боо-Терек айылдык аймактык кеңеши” менен Талас облусунун Бакай-Ата районунун “Оро айылдык аймактык кеңеши” бириктирүү жолу менен кайра түзүлгөн “Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесине мекемелердин бардык кредиторлору менен карызкорлоруна карата бардык милдеттенмелери боюнча укуктардын, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча укуктардын баары өтөт жана укук улантуучусу болуп эсептелинсин, атап айтканда:

 Мекеме төмөнкү документтерди тиркемеге ылайык укугу өтүүчүгө өткөрүп берет:

1.1.Мекеменин уюштуруу документтерин.

1.2. Мекеменин балансындагы мүлккө болгон укуктарын ырастоочу документтер.

1.3. Мекеменин ички документтери жана отчетторун.

1.4.Архивге туруктуу сактоого өткөрүлүп берилген мекеменин иш кагаздарынын инвентаризациясы.

1.5. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен мекемелик документтерди жок кылууга берүү жөнүндө актылар.

Ушул Өткөрүп берүү актысына ылайык, Мекеменин бардык укуктары жана милдеттери Укугу өтүүчүгө өтөт.

Мекемелер өткөрүп берет, ал эми Укугу өтүүчү бардык карызкорлорго, кредиторлорго, ошондой эле Мекемелерге өз милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткаргандыгы же тиешелүү милдеттенмелери токтотулгандыгы жөнүндө билдирбеген бардык кредиторлорго карата бардык укуктарды жана милдеттерди өзүнө алат.

               Бул өткөрүп берүү актысына Мекемеден көчүрмөлөрдү ырааттуу өткөрүп берүүнүн натыйжасында ыйгарылуучу тарап тарабынан ырааттуу түрдө кол коюлат жана бирдей юридикалык күчкө ээ үч нускада түзүлө

 

С.Мамбетов – комиссиянын төрагасы; _______________

А.Сыдыков – төрагасынын орун басары; _______________

Б.Калыбаев – комиссиянын катчысы;             _______________

Г.Саманчиева – комиссиянын мүчөсү; _______________

К.Бердалиев – комиссиянын мүчөсү; _______________

Ш.Өзүбеков – комиссиянын мүчөсү; _______________

Б.Жолдошбеков – комиссиянын мүчөсү; _______________

Н.Султанов – комиссиянын мүчөсү; _______________

Н.Исмаилова – комиссиянын мүчөсү; _______________