Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту |
| Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Документтердин пакетин, мурас кагазын, акчаларды, баалуу кагаздарды жана башка баалуулуктарды (мурастардан башкаларын) сактоо. Акча суммаларын же мүлктү тиешелүүлүгүнө жараша берүү үчүн депозитке кабыл алуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 8-бап, 7-пункт |
| Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары – КР ТИМ); Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (мындан ары - КР ТИМ КД); Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери (мындан ары – КР чет өлкөдөгү мекемелери). КР чет өлкөдөгү мекемелеринин тизмеси КР ТИМ маалымат такталарында жана сайтында жайгаштырылган |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айрым учурларда чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Нотариат жөнүндө"; - "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2011-жылдын 11-ноябрынын № 725 "Кыргыз Республикасынын Консулдук уставын бекитүү жөнүндө"; - 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"; - 2012-жылдын 20-февралынын № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш–аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускама. |
| Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы натыйжасы | Документтердин пакетин, мурас кагазын, акчаларды, баалуу кагаздарды жана башка баалуулуктарды (мурастардан башкаларын) кабыл алууну күбөлөндүрүүчү документ. Акча суммаларын же мүлктү тиешелүүлүгүнө жараша берүү үчүн депозитке кабыл алуу жөнүндө маалымкат |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Консультация алуу үчүн кезек күтүү - 20 мүнөттөн ашык эмес; - консультация алуу - 10 мүнөттөн ашык эмес; - кабыл алынган документтерди кароо, күбөлүктү (документти) тариздөө арыз катталган күндөн тартып жети календардык күнгө чейин; - күбөлүктү (документти) алууда кезек күтүү - 10 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү |
| Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - КР ТИМ коомдук кабылдамасынан; - КР ТИМ www.mfa.gov.kg расмий сайтынан; - КР ТИМ, КР ТИМ КД жана КР чет өлкөдөгү мекемелерине жеке кайрылууда; - КР ТИМ, КР ТИМ КД жана КР чет өлкөдөгү мекемелеринин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - телефон жана мессенджер аркылуу кыйрылууда. КР ТИМ, КР ТИМ КД жана КР чет өлкөдөгү мекемелеринде жарандарды кабыл алуу - алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
| Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү ж.б.); - КР ТИМ www.mfa.gov.kg расмий сайтында; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу; - КР ТИМ коомдук кабылдамасы аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге КР ТИМ такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
| Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | КР чет өлкөдөгү мекемелеринде, КР ТИМ жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
| Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын маалымат коопсуздугу жаатында мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
| Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | I. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: 1) жазуу жүзүндөгү арыз; 2) керектөөчүнүн ким экендигин тастыктоочу документ. II. Акчалай каражаттарды же баалуу кагаздарды депозитке киргизүүдө төмөнкү документтер кошумча талап кылынат: 1) акчалай каражаттарды же баалуу кагаздарды депозитке киргизүүнүн негизи (коммуналдык уюмдар менен түзүлгөн келишимдер, займдар, соттук-актылар жана башка документтер); 2) акчалай каражаттар же баалуу кагаздар өткөрүлүп берилүүчү насыя берүүчүлөрдүн тизмеси; 3) акчалай каражаттарды же баалуу кагаздарды алгандыгы жөнүндө же насыя берүүчүлөр тарабынан албагандыгын тастыктоочу жөнөтүлгөн билдирүүлөр; 4) насыя берүүчүнүн дарегин тастыктоочу документ |
| Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысыз берилет |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
| Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат жарым-жартылай электрондук форматта көрсөтүлөт. Нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди тариздөө “Электронный нотариус” бирдиктүү маалымат тутумун пайдалануу менен кагаз жана (же) электрондук түрдө жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү пайда болгон суроолор боюнча КР чет өлкөлөрдөгү мекемелерине веб-сайт аркылуу кайрыла алышат. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда, ошондой эле нотариалдык аракеттерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле жарандардын кайрылуулары чөйрөсүндө баш тартылышы мүмкүн. |
| | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү КР ТИМ жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар КР ТИМ жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчүгө жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, керектөөчү чечимди сот тартибинде даттанууга укуктуу |
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш |