АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 19-январы №20-1
« Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө»
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловдун, айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Г.Хамрабаевдын жана айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын протоколунун негизинде 2023-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарынын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтарын талкуулап, Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги XX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12 айында аткарган иштери боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2.Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.
3.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Джакишевге жүктөлсүн.
Төрага: |
Т.Хамракулов |