Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Коргон айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын

 

2024-жылы 19-январы №20-2

 

« Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарынын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө»

 

Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдын Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024- жылга жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып, Ак-Коргон айыл кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги XX- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 34037,4 сомго, чыгаша бөлүгү 34037,4 миң сомго бекитилсин.

 

2.Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жылга атайын төлөм каражаттарынын киреше бөлүгү 2200,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 2200,0 миң сомго бекитилсин.

 

3.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.

 

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага:

 

Т.Хамракулов