Редакцияот 10.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаны-Арык айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

 

 

2021-жылдын 10-августу № 3/6

 

Жаңы-Арык айыл аймагында таштандыларды ташып чыгуу жана айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында “Жаңы-Арык Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылыйык жана Жаңы-Арык айылдык аймагында таштандыларды ташып чыгуу жана айылдын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында “Жаңы-Арык Тазалык” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселелерин угуп жана талкуулап Жаңы-Арык айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн алдында “Жаңы-Арык Тазалык” муниципалдык  ишканасын түзулсүн жана төмөндөгүдөй аталсын

“Жаңы-Арык Тазалык” муниципалдык ишканасын толук фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде: “Жаңы-Арык Тазалык” муниципалдык ишканасы.

Расмий тилде аталышы :  Муниципальное предприятие “Жаңы-Арык Тазалык”.

“Жаңы-Арык Тазалык” муниципалдык ишканасынын кыскартылган фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде: “Жаңы-Арык Тазалык” МИ.

Расмий тилде аталышы : МП  “Жаңы-Арык Тазалык”.

2. “Жаңы-Арык Тазалык” муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ош юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн .

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомолдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башсысы Т.Исаевге жүктөлсүн.

Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

 

 

Төрага:

 Ж.Осумбеков