ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Арык айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 3/7
Жаңы-Арык айыл аймагында кароосуз турган жер аянттарын жана башка жерлерди муниципалдык менчикке каттоо жөнүндө
Жаңы-Арык айыл аймагындагы Правда айылында бош турган №540 контурундагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан 105 кв.м жер аянтына медресе куруу үчүн Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 4 жана 13 беренелеринин талаптарына ылайык Жаңы-Арык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл аймагындагы Правда айылында бош турган №540 контурундагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан 105 кв.м жер аянтына медресе куруу үчун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоо сунушталсын.
2. Суралсын “Кадастр” боюнча Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү катоо башкармалыгынан, Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Конкошовго жүктөлсүн
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Жаңы-Арык айылдык кеңешинин Айыл, суу чарба жана өндүрүштү көтөрүү, кайра иштетүү ишканалар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Ж.Осумбеков |