Редакцияот 11.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  29-сессиясы

 

2024-жылдын 22-апрели № 29/3

“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка (трансформациялоо) которуу  жана программасын бекитүү жөнүндө”

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин жана                                       №29/1-протоколунун чечиминин 3,5,6,7,8,10,12-пункттарынын негизинде  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Максат айылынын түштүк тарабындагы 135,0 га жайыт жерлердин эсебиндеги жерди, Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттар категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин жана Шамал электро станциясын куруу боюнча программасы бекитилсин.
  2. Кулунду айыл аймагына караштуу Интернационал айлынын түштүк-чыгыш тарабынан, Эски Овчу айылы тарабындагы №1000 контурунан 1,30 га жайыт жерлердин эсебиндеги жерди, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер эсебине которуу (трансформациялоо) ижарага берүүгө макулдук берилсин жана жерди бак өстүрүү боюнча программасы бекитилсин. 
  3. Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Булак-Башы айылынын батыш тарабындагы Кольцо участкасында жайгашкан №470 контурундагы 1,60 га жайыт жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилип, прогораммасы бекитилсин жана жерине кирпич завод куруп, ижарага берүүгө макулдук берилсин.  

4.     Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Интернационал айылынын  түштүк-чыгыш тарабындагы №1000 контурундагы 1,05 га  жайыт жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан бак түрүндөгү  “ Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого), ижарага берүүгө макулдук берилсин жана программасы бекитилсин.  

5.     Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Сүлүктү шаары тарабындагы №520 контурундагы 2,30 га таштуу  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан бак түрүндөгү “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) жана ижарага берүүгө макулдук берилсин жана программасы бекитилип берилсин.

6.     Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Кулунду айылынын түштүк тарабындагы 2,0 га жайыт жерине кошумча 1,5 га жайыт жерин жалпысынан 3,50 га жайыт жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин жана программасы бекитилсин.

7.     Кулунду айыл аймагынын Сүлүктү шаары тарабындагы №597, 598, 599, 600 контурларында жана №581, 525, 529, 520 контурларында жайгашкан жалпы 10,0 га жайыт жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо), ижарага берүүгө макулдук берилсин жана программасы бекитилсин.

8.     Кулунду айыл өкмөтүнүн №1020 контурундагы Бешкент айыл аймагы тарабындагы 1,0 га  жайыт жерлердин эсебиндеги жерди, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер эсебине которууга  (трансформациялоо), ижарага берүүгө макулдук берилсин жана программасы бекитилсин.

9.     Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

         Төрага                                                                       А. А. Досов

            

 

 

             БЕКИТЕМИН

Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы ______________А.А.Досов «____»_________2024-жыл

 Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат  айылынын түштүк тарабында жайгашкан 135,0 га  таштуу жайыт жерин “Айыл чарба    багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн түзүлгөн                     

                                                       ПРОГРАММА

  Кулунду айыл өкмөтүнүн аймагында чек арадагы айыл өзгөчө статусу бар 6 калктуу конушу жана 3 участка бар. Айыл аймактын адмнистративдик борбору – Кулунду айылы. Туруктуу калктын саны 25077 адам. Жалпы 5224 кожолук бар. Азыркы учурда Лейлек районун, Лейлек району тарабындагы Баткен облусу боюнча элдин курулушка керектелген кирпичке болгон муктаждыктарын жоюу, миграцияны токтотуу жана чек арадагы элдерди жумуш менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. .     Тактап айтканда Кулунду айыл өкмөтүнүн инфратүзүмүн жаныртууга жана жакшыртууга ошону менен бирге жарандарды электр энергиясы менен  үзгүлтүксүз камсыз кылууга ошону менен бирге жумуш менен камсыз кылуу  жактары каралууда, Кыргыз Республикасына жана Кулунду айыл өкмөтүнүн экономикасына жана социалдык кубатуулугуна да салым болмок.