Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Коргон айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын

 

2024-жылы 19-январы №20-7

 

“Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылында 2024-жыл ичинде аткарууга алынган жумуштар жөнүндө”

 

Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылына 2024-жылга карата бекитилген бюджетинен айылдык кеңешке түшкөн арыздарды канааттандыруу максатында Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылына 2024-жылга бекитилген бюджетинен:

 

-“Бам”, “90”, “Жыртык” участкаларына трансформатор алуу үчүн-680 000 (алты жүз сексен миң) сом

-“Караван” көчөсүнүн жүргүнчүүлөр жолун оңдоо үчүн-135 000 (бир жүз отуз беш миң) сом;

- маданият үйүнө эмеректер сатып алуу үчүн-40 000 (кырк миң) сом

-“Жыртык” жана “90” участкаларына кудук чыгаруу долбоору үчүн-150 000 (бир жүз элүү миң) сом;

-№ 7 УДТнүн жылытуу системасын оңдоо үчүн -370 000 (үч жүз жетимиш миң) сом;

-“Сафед-Булан” гимназия мектебинин терезелерин жаңылоо жана электр чубалгы алуу үчүн-170 000 (бир жүз жетимиш миң) сом;

-Ак-Там жолун жарыктандыруу үчүн-135 000 ( бир жүз отүз беш миң) сом;

-Спорттук мелдештерге-140 000 (бир жүз кырк миң) сом;

-“Нооруз” МЧББУнун караулканасынын имаратын куруу үчүн-80 000 (сенсен миң) сом

-“Багы Шамал”орто мектебинин ашканасын долбоору үчүн-225 000(эки жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

 2.Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго жүктөлсүн.

 

5.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

 

Т.Хамракулов