Редакцияот 11.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Жаны-Арык айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз V-cессиясы

 

 

2021-жылдын 11-ноябры № 5/1

 

«Эдельвейс Голд» жоопкерчилиги чектелген коомуна Жаны-Арык айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Учкун калктуу конушунда жайгашкан Кызыл-Суу участкасынан чачыранды алтындарды геологиялык казып иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Жаңы-Арык айылдык Кеңеши «Эдельвейс Голд» жоопкерчилиги чектелген коомуна Жаны-Арык айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Учкун конушунда жайгашкан Кызыл-Суу участкасынан чачыранды алтындарды геологиялык казып иштетүү максатында Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамалекеттик комитети тарабынана берилген № 6809 АЕ лицензиясынын негизинде 48,84 га жер аянтын иштетүүгө макулдук берүү боюнча сунушун карап.

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин айыл, суу чарба, өндүрүшту көтөрүү, кайра иштетүү иш каналар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясынын №1 протоколу (корутундусу) жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 1 жана 23 под пунктарына ылайык алдын ала берилген материалдарды карап чыгып, Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин кезексиз V- отурумунун күн тартибиндеги маселени угуп талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Эдельвейс Голд» жоопкерчилиги чектелген коомуна Жаны-Арык айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Учкун конушунда жайгашкан Кызыл-Суу участкасынан чачыранды алтындарды геологиялык казып иштетүү максатында Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамалекеттик комитети тарабынана берилген № 6809 АЕ лицензиясынын негизинде координаты E730 08` 11, 27” , N 400 30` 47,  86” , E730 08` 27, 31” , N 400 31` 25, 48” , E730 08` 11, 27” , N 400 30` 47, 86” , E730 08` 27, 31” , N 400 31` 25, 48” , E730 08` 29, 94” , жайгашкан археологиялык тарыхий баалуу жерлерден тышкаркы «Эдельвейс Голд» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиясынын мөөнөтү бүткөнгө чейин 48,84 га жер аянтын казып иштетүүгө макулдук берилсин .

2. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө, айылдык депутаттардын сунушу менен  «Эдельвейс Голд» жоопкерчилиги чектелген коомунун аткарып жаткан иштерине көзөмөл жүргүзүп туру үчүн биргелешкен комиссия түзүү жагы  тапшырылсын.

3. «Эдельвейс Голд» жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн соц  пакетинин аткарылышы мыйзам чегинде типтүү келишимдин негизинде  жүргүзулүп алымча кошумча форс мажор учурлар менен эске алынсын.

4. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу иш алып баруу жагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин айыл, суу чарба, өндөрүштү көтөрүү, кайра иштетүү иш каналар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 Ж.Осумбеков