АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 19-январы №20-8
“Ак-Коргон айыл аймагындагы “Ак-Коргон тазалык” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө”
Ак-Коргон айыл аймагындагы “Ак-Коргон тазалык” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата бюджетин бекитүү максатында Ак-Коргон айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги XX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Ак-Коргон Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Козуевдин 2024-жылга берген маалыматы эске алынсын.
2.Ак-Коргон айыл аймагындагы “Ак-Коргон Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга бюджетинин өздүк киреше бөлүгү 1 092 600 сомго,чыгаша бөлүгү 3 192 600 сомго бекитилсин. Жергиликтүү бюджеттен 2512 беренесине -2 100 000 сом акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. ”Ак-Коргон Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата штаттык бирдиги 6 жумушчу ордуна бекитилсин.
4.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
6.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Т.Хамракулов |