Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Коргон айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын

 

2024-жылы 19-январы №20-9

 

“Айыл аймакта жарандардын коопсуздугун камсыздоо, башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү жөнүндө”

Ак-Коргон айыл аймагында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” №103 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” №352 токтомунун талаптарына ылайык Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги XX- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ак-Коргон аймактык милициясынын ыйгарымдуу өкүлдөрүнө жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторуна түзүлгөн сметага ылайык заманбап боди камера, планшет жана тийиштүү жабдуулар алуу үчүн 300 000 (үч жүз миң) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын .

 

3.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.

 

5.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Т.Хамракулов