Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы

 

2024-жылдын  22–апрели  № 29/6

 

“Кулунду айыл аймагындагы тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Минстрлер Кабинетинин 2023-жылдын    22-декабрындагы №701 “2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча” мамлекеттик программа, токтомун аткаруу максатында Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   29-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кулунду айыл аймагындагы тарыхый-маданий мурас объекттилери эстелик катары таанылып, коргоого алынсын.

2.     Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага А. А. Досов