Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XI сессиясынын

 

2023-жылдын 5-октябры № 21

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо буюштуруу жана өткөрүүдөгү өкүлчүлүктүү  жыйындар жөнүндө

 

          Элдик Курултайды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планын айылдык кеңешинин сессиясында угуп, талкууланып айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

          1. Ак-Турпак айыл аймагында өткөрүлүүчү  өкүлчүлүктүү жыйындын убактысы, өтүүчү жери, өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны, өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттардын аймактык бөлүктөрү, жыйындарды өткөрүү графиги, өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңешин депутаттарын тизмеси, өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин.

          2.Айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча иш кагаздарын даярдоо жана жүргүзүү жагы айылдык  кеңешинин төрагасын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.

           3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

           

Төрага

 

А.Имаров