Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Коргон айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын

 

2024-жылы 19-январы №20-11

 

“Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылындагы “Эрнест Тельман” көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө”

 

Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылындагы “Эрнист Тельман” көчөсүнүн тургундарынын арызын жана көчө тургундарынын 2024-жылдын 8-январындагы №1 протоколунун негизинде Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги XX- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылындагы “Эрнист Тельман” көчөсүнүн аталышы айылдын атуулу ардагер мугалим, маркум “Турсунбай Ажы Набиев атындагы көчө” деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

2.Аталган көчөлөрдүн гигиеналык абалын көзөмөлгө алып баруу жана жарыктандыруу чараларын көрүү жагы маркум Турсунбай Набиевдин балдарына милдеттендирилсин.

 

3.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысы А.Кадировго жүктөлсүн.

 

5.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Туманбаевге тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

 

Т.Хамракулов