Редакцияот 30.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы (VI чакырылышы)

2023-жылдын 30-ноябры № 1

Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук беруу жөнүндө

 

Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук беруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 11-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Раззаков шаарына караштуу Ала-Тамыр участкасындагы №280-контурундагы 2,0га, №281-контурундагы 5,0га жалпы 7,0га жайыт жер тилкелери “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2.            Раззаков шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги “Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө” №6 токтомунун 6-пункттундагы “Ала Тамыр №286-контурундагы 1,0га” деген сөздөр күчүн жоготту деп табылсын.

3.            Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин  муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б. Б. Айтемиров