Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын XVIII сессиясы
2019-жылдын 21-августу № XVIII-4
Найман айыл Өкмөтүнүн тургуну Зулпукаарова Саткындын турак жайына тиешелүү болгон жерин жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн тургуну Зулпукаарова Саткындын жашап жаткан турак жайын жана жер аянтын 2002-2004-жылдардагы системалык каттоо мезгилинде Найман ПМКсынын администрациясынын жана профсоюз уюмунун кошмо заседаниесинин 1994-жылдын 24-майындагы №16-чечими катталып калган,бирок бул чечимде турак жайга тиешелүү болгон жер аянты көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын 6-статьясынын 4-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-44 статьяларын карап талкуулап,Зулпукаарова Саткындын турак жайы 2-чарбалык китептин 24 -бетинде катталгандыгынын жана турак жайын приватташтыруу жөнүндөгү Найман ПМКсынын администрациясынын жана профсоюз уюмунун кошмо заседаниесинин 1994-жылдын 24-майындагы №16-чечиминин негизинде Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн тургуну Зулпукаарова Саткынга приватташтырылып берилген турак жайына тиешелүү болгон 600,0 ч.м жер аянты жеке менчигине бекитип берүү үчүн токтом жана тиешелүү документтерин берүү Найман айыцл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
2. “Кадастр” Мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан атуул Зулпукаарова Саткындын жеке менчигине болгон укугун каттап берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Эрматов |