Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын XVIII сессиясы
2019-жылдын 21-августу № XVIII-5
Найман айыл Өкмөтүнүн айылдык маданият үйүнүн капиталдык ремонтун өткөрүү үчүн түзүлгөн сметасына өзгөртүү киргизүүгө уруксат берүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттоо үчүн түзүлгөн сметасын карап чыгып,таанышып жана маданият үйүнүн жетекчисинин берген маалыматын угуп,талкуулап Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн айылдык маданият үйүнүн капиталдык ремонту үчүн түзүлгөн сметада кошулбай калган жумуштарды киргизип, кайрадан ондоп өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Сметага өзгөртүү киргизүүнү көзөмөлдөп,иш алып баруу жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына жана маданият үйүнүн жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Эрматов |