АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2024-жылы 15-февралы №21-2
“Ак-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылынын тургуну райондук электр тармактары жана райондук керек-жарак коомунун эсепчиси, көп жылдар механик кампачысы болуп эмгектенген ардагер, 2020-жылы “Жылдын мыкты инсаны” тош белгисинин ээси, Джакишов Мырзакарим Райымкуловичке Ак-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу максатында Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектен тышкары XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагында жана райондук электр тармактары ишканасында көп жылдар татыктуу эмгектенип жаш кесип ээлерин тарбиялап, мамлекетибиздин келечеги үчүн татыктуу көрсөткөн кызматтары жана коомдун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн райондук жана областык сыйлыктардын ээси, Падек айылынын тургуну, айылдык кеңешинин депутаты Джакишов Мырзакарим Райымкуловичке Ак-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
4.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Туманбаевга жүктөлсүн.
Төрага: |
Т.Хамракулов |