Редакцияот 30.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII-сессиясы

2023-жылдын 30-октябры № 18/1

Уч-Коргон айыл аймагынын бүтүндүүгүн сактап, Чаувай айыл өкмөтүнү Уч-Коргон айыл аймагынын курамына кошуу жөнүндөгү

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык аймактык тузүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык жана Уч-Коргон айыл аймагынын бүтүндүүгүн сактап, Чаувай айыл өкмөтүнү Уч-Коргон айыл аймагынын курамына кошуу жөнүндөгү маселени карап, талкуулап чыгып Уч-Коргон  айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Уч-Коргон айыл аймагынын административдик территориясынын  бүтүндүгү сакталып, Чаувай айыл кеңешинин макулдугу менен Чаувай айыл өкмөтү Уч-Коргон айыл аймагынын курамына кошулушуна макулдук берилсин.

2. Чаувай айыл өкмөтү Уч-Коргон айыл аймагынын курамына киргизүүнү Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

3. Тиешелүү маалыматтарды тактоо жана ушул токтомдун  так аткарылы ьтшы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

Төрага

Б.Юрсунов