Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 26
Алга айыл аймагындагы автоунаалар жүрүүчү муниципалдык жолдорго тоскоолдук кылган бак дарактарды кыюуу маселеси жөнүндө
Алга айыл аймагындагы автоунаалар жүрүүчүчон жолдорго тоскоолдук кылган бак дарактарды кыюуу маселеси жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кенешинин V1- чакырылышынын кезектеги XIII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл аймагындагы автоунаалар жүрүүчү муниципалдык жолдорго тоскоолдук кылган ар бир айылдагы бак дарактар кыйылсын.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Шадиевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алга айылдык кеңешинин төрагасы: | Ш. Акбаров |