Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы

 

2024-жылдын  13–майы  №30/6

 

 “Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаттарын бөлүп берүү жана кээ бир статьяларын жылдыруу жөнүндө”

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз   30-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүн башчысы И. Алимбаевдин билдирүүсүн угуп, №30/1-протоколунун чечиминин негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кулунду айыл аймагындагы “Муниципалдык базарды жаңыдан куруу” долбооруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган 5 000 000 (беш миллион) сомдун ичинен 2 000 000 (эки миллион) сому бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин.

2.     Кулунду айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кулунду айыл аймагынын таштанды таштоочу жайын тосуу үчүн 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.

3.     Кулунду айыл аймагындагы Яма-Беккарини капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн үнөмдөлгөн акча каражатынан 266830 (эки жүз алтымыш алты миң сегиз жүз отуз) сом бөлүнүп берилсин.

4.     Ак-Арык айлынын чайканасынын оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн 750 000 сом акчанын ичинен Ак-Арык айылынын П.Токтобаев көчөсүнүн күн батыш тарабындагы көпүрөнү оңдоо үчүн 250 000 (эки жүз элүү миң) сому бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин.

5.     Кулунду айыл аймагынын таштанды таштоочу жайына, мал уурулук жана укук бузуулардын алуу максатында видео көзөмөл орнотууга 300 000 (үч жүз миң) сом үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп берилсин.  

6.     Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзуна мүчөлүк акыга 25000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты 22154900 статьясынан кемитип, 26211300 статьясына которуп, атайын каражаттар эсебинен кошуп берилсин.

7.     Кулунду айыл өкмөтүнүн үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен кошумча 24970 (жыйырма төрт миң тогуз жүз жетимиш) сомго И. Раззаков айылына 2 (эки) даана жана Кулунду айылына 2 (эки) даана жалпы 4 (төрт) асбестоцемент  түтүгү алынып берилсин.

  1. Кулунду айыл аймагын көрктөндүрүүгө жана ички чарбалык иштерге материалдык муктаждыктар үчүн 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
  2. Кулунду-Коммуналдык муниципалдык ишканасынын жүк жүктөөчү техникаларына жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган 350 000 (үч жүз элүү миң) сому статьядан статьяга жылдырылып,  эски иштетилген кыймылдаткыч сатып алынсын.
  3. Кулунду айыл өкмөтүнүн имаратынын сырткы дубалын учурдук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен 457071 ( төрт жүз элүү жети миң жетимиш бир) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин. 
  4. Кулунду айыл аймагы боюнча айыл арасындагы көрктөндүрүү иш чараларына “Үлгүлүү айыл, үлгүлүү үй, үлгүлүү көчө” ээлерин сыйлоо үчүн 150 000 (жүз элүү миң) сом үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп берилсин.
  5. Сел кесепеттерин жоюу үчүн 4 (төрт) тонна дизелдик күйүүчү май алууга 320000 (үч жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндө акча каражаты статьядан статьяга жылдырылып берилсин.
  6. Кулунду айылынын  борборунда жайгашкан почтанын имаратын учурдук оңдоп түзөөгө каралган 180000 (жүз сексен миң) сомго кошумча 75925 (жетимиш беш миң тогуз жүз жыйырма беш) сом акча каражаты статьядан статьяга жылдырылып, үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп берилсин. 
  7. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

         Төраганын у.м.а.                                                        Т. Ы. Абдибапов