УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII-сессиясы
2023-жылдын 30-октябры № 18/5
Разъезд айылында жайгашкан жалпы аянты 0,70 га жер тилкесин Уч-Коргон айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жѳнүндѳ
Уч-Коргон айыл аймагынын тургундарынын арызынын негизинде айыл ѳкмѳтүнүн кайрылуусун талкуулап Уч-Коргон айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ» Мыйзамына ылайык, Уч-Коргон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн Разъезд айылында жайгашкан жалпы аянты 0,70 га жер тилкесин Уч-Коргон айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга уруксат берилсин.
2. Уч-Коргон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ:
- ушул токтомдун биринчи пунктунда кѳрсѳтүлгѳн жер тилкени белгиленген тартипте кабыл алсын жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо органында белгиленген тартипте каттоосун камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеӊештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
4. Ушул Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеӊешинин агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Н.Баймурзаевго тапшырылсын.
Төрага | Б.Юрсунов |