Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңеши IV чакырылышынын 11-сессиясы
2018-жылдын 6-апрели № 4-11-3
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы «Кайра бөлүштүрүү фондудагы» жерден Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жер берүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысынын сунушун угуп жана айылдык кеңештин депутаттарынын макулдугун эске алып, Кызыл-Жылдыз айылдык кенеши, токтом кылат:
1.Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы «Кайра бөлүштүрүү фондудагы» жерден Жайыт пайдалануучулар бирикмесинине Кыргыз жайытынан келген жогорку сорттогу арпа үрөөнүн айдоо үчүн 10(он) га жер бөлүнүп берилсин.
2.10(он) га жерди мыйзамдуу чечип берүү жагы Б.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду жогорку органдарга жеткирүү Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Байбагышовага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Бейшенкулов |