Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңеши IV чакырылышынын 1-сессиясы
2016-жылдын 21-апрели № 4-1-8
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын СПА башчысы-Э.Казыбековдун кайрылуусу жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын, СПА башчысы-Э.Казыбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Мураптардан уруксаты жок суу уурдаган сугатчыларга, биринчи жолу суу уурдаганга 3000 (үч миң) сом, экинчи жолу суу уурдаганга 5000(беш миң) сом айып салынсын.
2.Сууну сугарганга алып, кароосуз калтырып, сугарбай таштап кетсе 3000(үч) миң сом айып салынсын
3.Суу уурдагандарга жана сууну кароосуз калтыргандарга комиссия менен акт түзүүнү СПА «Кайдуулат» бирикмесинин мураптары Нусупов Адылга жана Максүтов Нусупка милдеттендирилсин.
4.Бул токтом менен таанышып аткарууга алуу СПА «Кайдуулат» бирикмесинин башчысы Э.Касыбеков эсептелинсин.
Төрага | Ш.Сасыкулов |