Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Коргон айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын

 

2024-жылы 15-февралы №21-3

 

“Ак-Коргон айыл аймагынын “Жаңакзар” жана “Очистка” участкаларына скважина казып чыгаруу долбоорун Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө”

 

Ак-Коргон айыл аймагында социалдык-экономиканысын өнүктүрүү, аймакта сугат суу тартыштыгын алдын алуу жана дыйкандардын талаптарын эске алып, Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектен тышкары XXI- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ак-Коргон айыл аймагынын “Жаңакзар” жана “Очистка” участкаларына скважина казып чыгаруу долбоору Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

 

2.Токтомго тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 

Т.Хамракулов