Редакцияот 17.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак- Там айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XXI cессиясынын

 

2024-жылы 17-февралы №21/3

 

““Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө.”

 

Камчыбеков Мирлан Мамырбековичге-2017-жылы жана 2021-жылдары өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы менен Ак-Там айыл өкмөтүндө, эки мөөнөткө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланып, эмгектенген учурундагы айыл өкмөт үчүн көптөгөн эмгектерин эске алып, айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ак-Там айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Камчыбековдун эмгеги бааланып айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамы берилсин.

 

2. Аталган наам үчүн иш кагаздарын даярдоо- айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Момуновага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө-айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Осмонов