АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2023-жылдын 30-июну № 21/6
А.Масалиев айыл аймагындагы Көн айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Каимовдун жана А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Юнусалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы Көн айылынан Кожо-Кайыр каналынын үстү жагынан сейил бак үчүн №1523 контурунда жайгашкан 0,40 га башка жер (галечник) аянты, №465 контурунда жайгашкан 1,20 га таштуу жайыт жер аянты, жалпы 1,60 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Б.Ахмедовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Т. Галботоев |