Редакцияот 10.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы

2021-жылдын 10-сентябры № 5-7-1

Кызыл-Жылдыз айыл аймагында ички тартипти киргизүү жөнүндө

Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы Жайыт пайдлануучулар бирикмесинин төрагасы Д.Өмүрзаковдун сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш токтом кылат:

1.Жайыт акы үчүн бир жылга ар бир кой, эчкиге 15(он беш) сомдон,бодо малга 70 (жетимиш) сомдон төлөнсүн.

2.Кызыл-Жылдыз айылындагы элдин малын баккан малчылар ар бир баш кой, эчкиге жайкысын 40 (кырк ) сомдон, кышкысын 45 (кырк беш) сомдон багышсын.

3.Жаздоого 18-апрелден калбай, жайлоого 25-майдан кеч эмес көчүрүлсүн.

4.Жайлоодон ысык отко 20-сентябрдан эрте көчүп келишпесин.

5.Корук башталган учурда айдоого жана көп жылдык чөптөрдүн аянтына кирген малдын ээсине биринчи жолкусу эскертүү берилсин, экинчи жолу түшкөн бодо малдардын ар бирине 400 (төрт жүз) сомдон, кой эчкилерге бир башына 50(элүү) сомдон айып салынсын.

6.Эгерде бодо малдарын кароосуз жайлоого айдап, күзүндө ысык отко эрте түшүрүп келген мал ээлерине эки эсе көп айып пул салынсын.

7.Жайыт эсебиндеги башка максаттарга пайдаланып жаткан жайыт аянттарынын жеринен (малга тоют) жыйноо үчүн 1 чарчы метрге 30 (отуз) сомдон төлөнсүн.

8.Ар бир жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлсүн жана комиссия менен бирдикте санак жүргүзүлсүн, малын санатпай же жашырып кем санаткан жайыт пайдалануучуларга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.

9.Кызыл-Жылдыз айыл аймагына караштуу жайыт жерлерине таштанды төккөндөргө жана жайыт жерлеринен уруксатсыз таш,топурак, кум алгандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айып пул салынсын.

10.Бодо малдарды жазында чабанга кошоордо малдын эмдөөдөн өткөн справкасы кошо берилсин.

11.Кызыл-Жылдыз айылынын жайыт пайдалануучулары жогорудагы эрежени бузса, Кыргыз Республикасынын «Бузуулар» кодексинин 183-беренеси боюнча төртүнчү категориядагы айып пул салынаары эскертилсин.

12.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Дүйшенбек уулу Амантурга милдеттендирилсин.

 

Төрага

Жолдошбек уулу Жоодар