КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңеши V чакырылышынын 1-сессиясы
2021-жылдын 11-майы № 5-1-1
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37-беренесинин 4,5,6,7-пункттарына ылайык, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин регламентине жана депутаттардын V-чакырылышынын Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколун угуп жана талкуулап, депутаттардын Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 11-майындагы №1 протоколу бекитилсин.
2.Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин депутаттарынын бардык добушуна ээ болгон депутат Жолдошбек уулу Жоодар Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп табылсын.
3.Бул токтом Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Төрайымдык кылган: | М.Тебикенова |