Загрузка документа…
СОВЕТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Совет айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектуу он биринчи сессиясы
2018-жылдын 20-майы № 11/2
Совет айыл аймагындагы «Родничок-Кан» балдар бакчасынын №3 имаратынын чатырын толугу менен алмаштыруу жана балдар ойноочү чоӊ залды ремонттон ѳткѳрүү» долбоорду колдоо үчүн Совет айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен салым кошуу жѳнүндѳ
Совет айыл аймагынын Совет айылындагы «Родничок-Кан» балдар бакчасынын тарбиялануучуларга шарттарды түзүү, коопсуздугу үчүн чатырын толугу менен алмаштыруу жана балдар ойноочү чоӊ залды ремонттон ѳткѳрүү үчүн Кадамжай райондук ѳнүгүү фондунун колдоосу менен даярдалып жаткан долбоорго колдоо корсотуу максатында Совет айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Совет айыл аймагынын Совет айылындагы «Родничок-Кан» балдар бакчасынын тарбиялануучуларга шарттарды түзүү, коопсуздугу үчүн чатырын толугу менен алмаштыруу жана балдар ойноочү чоӊ залды ремонттон ѳткѳрүү үчүн даярдалып жаткан долбоорго айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 107350 (бир жүз жети миӊ үч жүз элүү) сом акча каражаты ажыратылып ѳздүк салым катары берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын жана каржыланышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Совет айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Г.А.Осмоновага тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун толук аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Совет айылдык кеңешинин төрайымы |
У. З. Коргонбаева |