Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 24-июну № 125-нпа
КР КЭ 31-102:2026 “Калканчыктар”
Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелерин бекитүү жөнүндө
Имараттардын жана курулмалардын тамбашыларын жана калканчыктарын долбоорлоодо бир түрдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле ченемдик талаптарды өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. КР КЭ 31-102:2026 “Калканчыктар” Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 212 “КР КЭ 31-102:2024 “Калканчыктар” Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин биринчи орун басары Б.Ч. Чолпонбаев
(министр жок учурда)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЭРЕЖЕЛЕРИ
_____________________________________________________________________
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
Калканчыктар
Кровли
Roofs
Актуалдаштырылган редакция
КР КЭ 31-102:2024
______________________________________________________________________
Киргизүү датасы – 2026. 07. 09__
1 Жалпы жобо
1.1 Бул курулуш эрежелери ар кандай арналыштагы имараттар жана курулмалар үчүн тамбашын жана калканчыктарды долбоорлоодо сакталууга тийиш болгон талаптарды белгилейт, буга тиешелүү ченемдер менен калканчыкка атайын талаптар коюлган имараттар жана курулмалар кирбейт.
1.2 Тамбашын жана калканчыктарды долбоорлоо ушул эрежелерде белгиленген талаптарды эске алуу менен «Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу», «Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун», «Тез тургузулчу конструкциялардан жана материалдардан курулган ар кандай арналыштардагы имараттарды куруунун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык ишке ашырылышы керек. Имараттардын тамбашын долбоорлоодо ушул эрежелер менен катар тиешелүү атайын ченемдик документтер тарабынан коюлуучу талаптарды да эске алуу зарыл, алар: өрткө каршы ченемдер, сейсмикалык райондордо, чөккөн топурактарда жана иштетилип жаткан аймактарда курулуштун ченемдери, ошондой эле аларды иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө жараша экологиялык ченемдер.
Тамбашыны тирөөч бөлүгүнүн конструкцияларын: чатыр устун, керегелер, сундурмалар, панелдер ж.б. темир бетон (КР КЧ 53-01), жыгач конструкцияларды (КР КЧ 52-02) ж.б. конструкцияларды эсептөөнү жана конструкциялоону регламенттөөчү колдонуудагы ченемдик документтер боюнча долбоорлоо керек.
Турак-жай имараттарын туташ курууда өрткө каршы дубалдарды КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык аткаруу зарыл.
Имараттардын жана курулмалардын тамбашына жана калканычтарына күн электр станцияларын орнотууга менчигинин формасына жана функционалдык багытына карабастан жол берилет. Күн электр станциясын долбоорлоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
1.3 Калканчыктарга жана жабуулардын элементтерине колдонулган материалдар колдонуудагы стандарттардын жоболоруна жана ушул эрежелердин талаптарына жооп берүүгө тийиш. Ошондой эле материалдарды шайкештик сертификаты болгон учурда колдонууга жол берилет.
Имараттардын энергиялык натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында материалдарды тандоодо аларды өндүрүүдө жана пайдалануу шарттарында энергияны үнөмдөөдө айырмаланган материалдарга артыкчылык берүү керек.
Тамбашынын жана калканчыктардын отко туруктуулук чектерин, чатырдык жабуулардын чатырустун жана тор материалдарынын күйүүчүлүк тобун, ошондой эле калканчыктын максималдуу жол берилген аянттарын «Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугунун эрежелеринин» талаптарын эске алуу менен долбоорлоо керек.
Ушул эрежелерде жол берилген тамбашылардын жана калканчыктардын конструкцияларынын бардык варианттары (желдетилүүчү, жарым-жартылай желдетилүүчү, инверсиялык, желдетилбеген ж. б.) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы курулуш ченемдерине ылайык жылуулук-техникалык, нымдуулук жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрдүн эсептик негиздемеси менен ырасталууга тийиш.
1.4 Өндүрүштүк жана кампа имараттарында күйбөй турган изоляцияны колдонуу керек, ошондой эле калканчыктын өрткө каршы дубалдары менен кесилишкен жерлерин КР КЧ 21-01 талаптарына жана тармактык ченемдерге ылайык долбоорлоо керек.
1.5 Тамбашынын жана калканчыктын жумушчу чиймелеринде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
тамбашынын жана калканчыктын конструкциясы;
мамлекеттер аралык жана мамлекеттик стандарттарга же башка колдонуудагы ченемдик документтерге шилтемелери бар материалдардын жана буюмдардын аталышы жана маркасы;
эңкейиштеринин чоӊдугу, деформациялык тигиштердин жайгашуу орду, суу акма куйгуч орнотмолору, канализация мамылары, так чокудагы фонарлар, желдетүүчү шахтлар, жапма оюктар, мамылар жана радиотелеантендик чойгучтар, ошондой эле дубалдарга, чатыр дубалдарга, шахталарга, желдетүүчү турмаларга жана башка конструкциялык элементтерге кошулган жерлердеги тамбашынын жана калканчыктардын тетиктери;
технологияларга жана материалдардын сапатына коюлуучу милдеттүү талаптар, анын ичинде экологиялык коопсуздукту камсыз кылуучу талаптар;
КР КЧжЭ 23-01 боюнча кабыл алынган жылуулуктан коргоо жана зарыл жылуулукка туруктуулук деңгээлине ылайык келген тамбашынын конструкциясынын жылуулук-техникалык мүнөздөмөлөрүн камсыз кылуучу техникалык чечимдер;
жаңы имараттарды курууда жана колдонуудагы имараттарды реконструкциялоодо КР КЧ 11-03 ылайык энергетикалык паспорттордо кийин пайдалануу үчүн чатырсыз жабуулардын жана чатыр жабуулардын кабыл алынган техникалык чечимдеринин эсептелген жылуулук-техникалык көрсөткүчтөрү (жылуулук берүүгө келтирилген каршылык, жылуулукка туруктуулук);
курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө өрттөн коргоо жана өрт коопсуздугунун эрежелеринин аткарылышын контролдоо боюнча иш-чаралар.
1.6 Бул курулуш эрежелеринде колдонулган ченемдик шилтемелер А.1- тиркемеде, ал эми кабыл алынган терминология жана аныктамалар А.2-тиркемеде берилген.