КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңеши V чакырылышынын 4-кезексиз сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 5-4-1
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы И.Модубаев көчөсүнүн жээгиндеги теректерди кыйуу жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл тургундарынын, И.Модубаев көчөсүнүнүн жээгинде өскөн теректерди кыйуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
1.«Балыкчы-Жалал-Абад Түндүк-түштүк» альтернативдик жол И.Модубаев көчөсүнөн өткөндүгүнө байланыштуу жол жээгиндеги теректерди кыйууга уруксат берилсин.
2.Теректерди кыйууда уруксат кагаздары мыйзам чегинде жүргүзүлсүн.
3.Кыйылган теректерден түшкөн каражат айыл тургундарынын керектөөсү үчүн жумшалсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Жолдошбек уулу Жоодар |