Редакцияот 17.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын III- сессиясы

2024-жылдын 17-апрелиндеги № 9

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жети-Өгүз айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Жети-Өгүз жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Жети-Өгүз айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин төрагасы Б.Ургаиповко жана Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

  

Төрага                       Б.Ургаипов