Редакцияот 30.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңеши V чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

2021-жылдын 30-июлу № 5-4-2

Жумгал райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюумдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Жумгал райондук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкер боюнча келип түшкөн протоколун карап чыгып жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Жумгал райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына төмөндөгү жарандын тизмеси сунушталсын.

 

1.Сагынбек уулу Кулмат

 

2.Жумгал аймактык шайлоо комиссиянын резервдик курамына талапкерди бекитип берүү жагы Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Төрага

Жолдошбек уулу Жоодар