Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

 

2024-жылы 19-февралы №1

 

«Таш-Булак айыл аймагынын Живпром участогунун тургуну Ташматов Мирландын короосунун жанындагы 0,01га жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 25, 29-беренелерине ылайык Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы кезектеги ХХХ сессиясы

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Живпром участогунун тургуну Ташматов Мирландын короосунун жанындагы 0,01га жер аянты атайын депутаттык комиссиясынын, муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча сунуштамасынын негизинде макулдук берилсин.

2.     Таш-Булак айыл аймагынын Живпром участогунун тургуну Ташматов Мирландын короосунун жанындагы 0,01га жер тилкесин Таш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

3.     Таш-Булак айыл аймагынын Живпром участогунун тургуну Ташматов Мирландын иш кагаздарын мыйзам негизинде тактап, атайын төлөмдөрдү төлөөсүн камсыз кылып, жер тилкесин өлчөп өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сатвалдыевге тапшырылсын.

 

4.     Токтомдун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Азимовго милдеттендирилсин.

 

          5. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

          6. Токтомдун өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы

М.С. Алтыбаева