Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 06-марты № 4
Күмүштак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын жаңы редакциядагы типтүү регламентин бекитүү жөнүндө.
Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын II сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын жаңы редакциядагы типтүү регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күмүштак айылдык КеңешининI чакырылышындагы депутаттарына калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Мамыралиев А. |
|
| Бекитемин:____________________
Төрага: Мамыралиев А.Т. Күмүштак айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кенешинин I чакырылышындагы депутаттарынын 2024-жылдын 6-мартындагы II сессиясынын №4 токтому менен бекитилген |
КҮМҮШТАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
I Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ишинин негиздери
II Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу
III Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ченем жаратуу иши. жергиликтүү кеңештин токтомдорун даярдоонун, киргизүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартиби
IV Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби
V Бөлүм. Депутаттардын шайлоочулар менен болгон байланышы. депутаттык суроо талап
VI Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
VII Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы
Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
I БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1.1 Айылдык аймактын, (мындан ары – жергиликтүү кеңеш) мыйзамдарда белгиленген тартипте жана санда жергиликтүү коомдоштук тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланган депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Сессиянын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар жергиликтүү кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
1.3. Жергиликтүү кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
1.4. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, өзү тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана аткарылышын камсыз кылат.
1.5. Жергиликтүү кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган ыйгарым укуктарды жергиликтүү кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун, анын ишин уюштурууну аныктайт.
1.6. Жергиликтүү кеңеш мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.
2-глава. Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелер
2.1. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:
а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;
б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;
в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;
г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;
д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө.
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;
7) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
9) кеңештин регламентин кабыл алуу;
10) жергиликтүү кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
11) жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
13) Таза сууну, сугат сууну, мал багуунун, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуунун, ташып чыгаруунун жана жок кылуунун тарифтерин бекитүү;
14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
17) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдыча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
18) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;
19) аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
20) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
21) жергиликтүү коомдоштуктардын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
22) аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
23) келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
24) жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;
25) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
26) жайыт жерлерин пайдалануу боюнча жамааттардын ар жылдык планын, жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмүн бекитүү, алардын аткарылышы боюнча отчетторду угуу;
27) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;
28) аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында аткаруу органдары менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
29) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
30) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды аткарууну аткаруу органынын башчысына тапшыруу;
31) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;
32) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
3-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби
3.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:
- саны 5 депутаттан кем эмес депутаттык топко.
Депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
3.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
3.4. Өзүн өзү көрсөтүү жана талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
3.5. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 5 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 5 мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн 3 мүнөткө чейин сөз берилет.
3.6. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди колдоп же ага каршы чыгып сүйлөөнү каалаган депутаттарга сөз сүйлөө үчүн 2 мүнөткө чейин убакыт берилет.
3.7. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталгангана чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
3.8. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин фамилияларын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
3.9. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинет.
Эгерде:
- бир талапкер көрсөтүлүп, ал депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
- эки талапкер көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добуштарынын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
- эки талапкерден көп көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин экөөсү добуштардын тең көп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлер добуштардын аз санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын тең алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт.
3.10. Талапкерлерди (же жаңы талапкерлерди) көрсөтүү менен кайрадан шайлоо жергиликтүү кеңештин эрки боюнча биринчи сессиянын күнүндө же башка күнү, бирок биринчи сессиянын күнүнөн баштап 5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт.
4-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
4.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:
4.1.1. жергиликтүү кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
4.1.2. жергиликтүү кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
4.1.3. жергиликтүү кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып жергиликтүү кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
4.1.4. жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;
4.1.5. жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
4.1.6. жергиликтүү кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;
4.1.7. жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
4.1.8. катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт;
4.1.9. жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун контролдойт;
4.1.10. депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
4.1.11. жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
4.1.12. мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе жергиликтүү кеңештин атынан чыгат;
4.1.13. жергиликтүү кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
4.1.14. жергиликтүү кеңештин, анын органдарынын абройун, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
4.1.15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу сунуштайт;
4.1.16. ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
4.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карма каршы келген учурда, ал жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
5-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары
5.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын альтернативалык түрдө берген сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын 1 орун басары болот.
5.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка жол-жоболук маселелери жергиликтүү кеңештин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.
5.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин төрагасын алмаштырган учурда Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.
5.4. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары:
5.4.1. жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
5.4.2. жергиликтүү кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү кеңештин төрагасынын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча жергиликтүү кеңештин сессияларын алып барат;
5.4.3. жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;
5.4.4. жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;
5.4.5. аймакта жайгашкан жергиликтүү коомдоштуктар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;
5.4.6. жергиликтүү кеңештин, анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышат;
5.4.7. жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары менен бирдикте жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
5.4.8. ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка иш-милдеттерди аткарат.
6-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
6.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана анын орун басары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот.
6.2. Өз каалоолору боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе алардын өздөрүнөн арыздар келип түшкөндө, ошондой эле депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча каралат.
6.3. Өз каалоолору боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом ачык добуш берүү (же депутаттардын каалоосу боюнча жашыруун добуш берүү) аркылуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.4. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда жергиликтүү кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен жергиликтүү кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Жергиликтүү кеңештин төрагасын, төраганын орун басарынын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилиши мүмкүн.
6.5. Жергиликтүү кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Жергиликтүү кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6.6. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, жергиликтүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгу добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7-глава. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары
7.1. Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн жергиликтүү кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.
7.2. Туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө жергиликтүү кеңештин токтому менен түзүлөт.
7.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы жергиликтүү кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
7.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санынан: 5 кем болбоого жана 5 көп болбоого тийиш.
7.5. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлашат.
7.6. Жергиликтүү кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат .
7.7. Туруктуу комисиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.
7.8. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары жергиликтүү кеңештин сессияларында бекитилет.
7.9. Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
7.10. Туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө жергиликтүү кеңешке отчет беришет.
7.11. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, жергиликтүү кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
(Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн: