Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын III- сессиясы

2024-жылдын 22-апрелиндеги № 12

             

Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүндө  “Агрозооветсервис” муниципалдык ишканасын  түзүү   жөнүндө

 

         Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Агрозооветсервис” муниципалдык ишканасын  түзүү боюнча, айыл өкмөтүнүн мал догдуру Иманбеков Нурбектин кайрылуусунун негизинде  Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин XXVIII- чакырылышындыгыIII-сессиясы токтом кылат:

 

         1. Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Агрозооветсервис” муниципалдык ишканасы түзүлүүгө уруксаат берилсин.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде: Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Агрозооветсервис”муниципалдык ишканасы

-Расмий тилде: Муниципальное предприятие “Агрозооветсервис”айыл окмоту Жети-Огузского айылного аймака”

 

Кыскартылган фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде: “Агрозооветсервис” ми

-Расмий тилде:мп “Агрозооветсервис”

 

          2. Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Агрозооветсервис” муниципалдык ишканасынын  Жобосу бекитилсин.

 

          3.Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Агрозооветсервис”муниципалдык ишканасынын дареги болуп, Кыргыз Республикасы,Ысык-Көл облусу,Жети-Өгүз району,Жети-Өгүз айылы,Мамырбаев Ш көчөсү №11 болуп аныкталсын.

        4. Юридикалык жактын уюштуручусу айыл өкмөтүнүн башчысы жана “Агрозооветсервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси.          

          5.Мекеме Кыргыз Республикасынын  иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын  юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

6.Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын,ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

Төрага                                                                                                           Б. Ургаипов