Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын III- сессиясы

2024-жылдын 22-апрелиндеги № 11

Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине таштандыларды төгүүчү жайды курчоо үчүн каралган 1000,0 млн.сомду жылдыруу   жөнүндө

 

      Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине таштандыларды төгүүчү жайды курчоо үчүн каралган 1000,0 млн.сом акча каражаты Жайыт жерине себилген  көп жылдык чөптү (деградация) курчоо максатында Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин XXVIII-чакырылышынын III-кезексиз сессиясы  токтом кылат:

 

1.    Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине таштандыларды төгүүчү жайды курчоо үчүн каралган 1000,0 млн.сом акча каражаты таштанды төгүлүүчү жайлары көмүлүп,жабыла тургандыктан,1000,0 млн.сом акыча каражаты  Жайыт жерине себилген  көп жылдык чөптү (деградация)  курчоо үчүн которулсун.

 2.  Жайыт жерине себилген көп жылдык чөптү курчоо үчүн мыйзам чегинде иш алып баруу   жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н.Маркабаевка тапшырылсын.

 3.  Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мыйзам чегинде иш алып баруусуна көзөмөл

 жүргүзүү  жагы Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.

 

 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин агрардык комитетинин  төрагасы А.Иманбековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                                                           Б.Ургаипов