Редакцияот 23.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV -сессиясы

2024-жылдын 23-майындагы № 17

 

Жети-Өгүз Курорттун калктуу конушунун алдындагы 13,58 гектар жер аянтын Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына алып,чегин бекитип берүү  жөнүндө

 

   Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 18-беренесинин 3-4 пунктарына ылайык Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги №133 чечиминин негизинде

Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин XXVII-чакырлышынын IV-кезексиз сессиясы карта –схемасын карап чыгып,жана талкуулап

 

токтом кылат:

 

1. Жети-Өгүз Курорттун калктуу конушунун алдындагы 13,58 гектар жер аянты Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына алынып,чеги бекитилип берилсин.

 

2. Жети-Өгүз Курорттун калктуу конушунун иш кагаздары боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендерилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү  өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага                                                                                                           Б.Ургаипов