Редакцияот 24.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жети-Өгүз айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV-сессиясы

2024-жылдын 24-майындагы № 21

 

Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн

“ Жети-Өгүз Таза суу ” муниципалдык ишканасына Таза сууга төлөнүүчү субсидия жөнүндө

 

   Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “ Жети-Өгүз Таза суу ” муниципалдык ишканасына Таза сууга төлөнүүчү 51 сомдун 36 сомун эл,15 сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнсүн деп 2023-жылы каралган сессиянын чечими менен Жети-Өгүз жергиликтүү кеңешинин XXVIII-чакырлышынынIV-кезексиз сессиясы

 

токтом кылат:

 

1. Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2024-жылдын алты айлыгында “ Жети-Өгүз Таза суу ” муниципалдык ишканасына субсидия катары

1 652 611(Бир млион алты жүз элүү эки миң алты жүз он бир) сом акча каражаты  каралып,бөлүнүп берилсин.

 

2. Жети-Өгүз Таза суунун субсидия боюнча иштерин алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы  М.Султановго жана “ Жети-Өгүз Таза суу ” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Сулаймановго тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү  жергиликтүү кеңештин финансы-бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төарагасы Э.Белековко тапшырлсын.

 

 

Төрага                                                                                                           Б.Ургаипов