ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2024-жылы 19-февралы №3
“Таш-Булак айыл аймагынын Живпром участогунун тургуну Жакыпова Аиданын короосунун жанындагы 0,0283га жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 25, 29-беренелерине ылайык Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы кезектеги ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Живпром участогунун тургуну Жакыпова Аиданын короосунун жанындагы 0,0283га жер аянты атайын депутаттык комиссиясынын, муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча сунуштамасынын негизинде макулдук берилсин.
2. Таш-Булак айыл аймагынын Живпром участогунун тургуну Жакыпова Аиданын короосунун жанындагы 0,0283га жер тилкесин Таш-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
3. Токтомдун өз убагында аткарылышын камсыз кылуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Азимовго милдеттендирилсин.
5.Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
6.Токтомдун өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы | М.С. Алтыбаева |