ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2024-жылы 19-февралы №4
“Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургуну Бадиров Төралы Дидаевичтин турак жай куруу багытындагы жер аянтынын багытын өзгөртүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-беренесинин талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын жерлерин трансформациялоо боюнча 15.07.2013-жылдагы №145-редакцияланган мыйзамынын 1-беренесинин 5,18-пункттарын жетекчиликке алып, Бадиров Төралы Дидаевичтин арызынын негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы кезектеги ХХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл аймагынын Ынтымак айылында жайгашкан Бадиров Төралы Дидаевичтин жалпы аянты 470,17 чарчы метр болгон жеке менчик, идентификациялык код номер 3-05-12-1007-0402 жер аянтынын ичинен 31 чарчы метр жер тилкесине дүкөн куруу үчүн, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка быгыттагы жер аянты котегориясына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Сузак райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан Сузак райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Сузак районунда курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы суралсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына реестрге киргизүү жагы Таш-Булак айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылу у, мыйзамдын талаптарына жооп берген иш кагаздарды даярдап, максаттуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго, жер адис А.Сатвалдыевге тапшырылсын.
5. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы | М.С. Алтыбаева |