Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 11-июну ПЖ № 150
Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысын уюштуруу жөнүндө
(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281, 2026-жылдын 12-августундагы № 284 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысы уюштурулсун.
(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. (КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысын уюштуруу боюнча байге фондун түзүү жана башка чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды карасын.
(КР Президентинин 2025-жылдын 10-октябрындагы N 281 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 45 (3598) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысы жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2026-жылдын 12-августундагы № 284 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин медиа жана журналистика жаатында ыйгарылуучу "Мейкин" сый акысын (мындан ары - Сый акы) изденип алууга жана ыйгарууга конкурстук материалдарды тандоо шарттарын, конкурсту өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Сый акы кесиптик жетишкендиктери жана ата мекендик журналистиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн медиа жана журналистика өкүлдөрүн сыйлоонун жогорку формасы болуп саналат.
3. Тандоо, сый акыны ыйгаруу жана уюштуруу боюнча иштерди координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2-глава. Максаттары жана милдеттери
4. Сый акынын максаты медиа жана журналистика жаатындагы чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу жана коомдук маанилүү темаларды чагылдырууда журналисттердин чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү болуп саналат.
5. Сый акынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) медиа жана журналистика өкүлдөрүн сапаттуу контентти түзүүгө шыктандыруу;
2) ата мекендик журналистиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
3) инновациялык медиадолбоорлорду жана чыгармачылык демилгелерди колдоо;
4) медиа жана журналистика чөйрөсүндөгү мыкты тажрыйбаларды популярдаштыруу.
3-глава. Катышуу шарттары
6. Сый акыны изденип алууга конкурска Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган жалпыга маалымдоо каражаттары жана медиауюмдар катыша алат.
7. Конкурска катышуу үчүн басылмалар, редакциялар, чыгармачылык бирикмелер жана айрым авторлор тарабынан жиберилген материалдардын жалпы көлөмү отуз миң символдон (Times New Roman 14-шрифти, 1 сап аралык интервал), радио, телевизиондук материалдар үчүн жалпы хронометраж - 20 мүнөттөн, ал эми айрым видеоматериалдар жана подкасттардын чыгарылыштары үчүн - 30 мүнөттөн ашпоого тийиш.
8. Сый акыны изденип алуучу үчтөн ашпаган номинация боюнча өтүнмө берүүгө укуктуу. Ар бир номинация боюнча тиешелүү номинациянын мүнөзүнө жараша бир конкурстук материал же бир конкурстук долбоор (канал, подкаст, мультимедиялык же санариптик медиа долбоор) берилет.
9. Конкурстук материалдар мамлекеттик же расмий тилдерде кабыл алынат.
10. Берилген конкурстук материалдардагы автордук жана чектеш укуктардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти толугу менен Сый акыны изденип алууга конкурска катышууга өтүнмө берген катышуучулар тартат.
11. Бир нече автор тарабынан түзүлгөн конкурстук материалдар берилген учурда өтүнмөдө бардык тең авторлор жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. Акчалай сыйлык тең авторлорго конкурстун уюштуруучусуна берилген алардын ортосундагы жазуу жүзүндөгү макулдашууда аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөнөт.
12. Конкурстук материалдарды даярдоодо жасалма интеллекттин технологияларын көмөкчү инструмент катары колдонууга жол берилет жана изденүүчүнү автордук салым, материалдардын аныктыгы, оригиналдуулугу жана автордук укуктардын сакталышы үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.
13. Сый акыны изденип алууга конкурска катышууга адепсиз лексиканы, адамдын кадыр-баркын кемсинткен кордогон мүнөздөгү, саясий, диний, улуттук араздашууну козуткан арыздарды жана иш-аракеттерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган башка элементтерди камтыган материалдарга жол берилбейт.