Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры № 42
Алга айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга долбоорун жактыруу жөнүндө
Алга айыл аймагынын айылдык кенеши күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 12-майындагы № 59 «Бюджеттик Кодексинин» негизинде түзүлүп айылдык кенештин бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгы эске алып. Экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Хамралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алга айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүн 10369,0 мин сом, чыгашалар бөлүгү 10369,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин, жана 2020-жылга 10668,1 мин сом, 2020-жылга 11158,8 мин сом божомолдору жактырылсын.
2. Алга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүнө чегерүүлөр 2019-жылга № 1- тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Алга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүгүнө чегерүүлөр 2019-жылга № 2- тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. Алга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жаначыгашалар бөлүгүнүн божомолу 2020-2021-жылдарга № 3,4 тиркемелерге ылайык аныкталсын.
5. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча ( эмгек акы, Кыргыз Респукбликасынын социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак –аш) жүргузулөт.
6. Чыгашаларды корголгон беренелерге каралган каражаттар штаттык бирдиктер жана нормативдик акылар өзгөргөндө өзгөрүүсү мүмкүн.
7. Бектилген каражатар казыналык бөлүмүнөн айланып өтүү жолу менен пайдаланууга тыюуу салынсын.
8. Алга айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджети 2019-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Алга айылдык кенешинин төрагасы: | Ш. Акбаров |