КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 4-сентябры № 28-30/11
Каракол шаарынын машыктыруучуларына жана спортчуларына жыл сайын берилʏʏчʏ сыйлыктар жѳнʏндө Жобону бекитʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Н.Т.Турсунбековдун, 2023-жылдын 04-августундагы, чыг.№ 01-16/3484 катын карап жана талкуулап, Каракол шаарынын туризм, спорт жана жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIIIчакырылышынын XXX сессиясы,
токтом кылат:
1. «Каракол шаарынын машыктыруучуларына жана спортчуларына жыл сайын берилʏʏчʏ сыйлыктар жѳнʏндѳгʏ» Жобо бекитилсин. (тиркеме №1)
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизүү ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
5.
Төрага | Т.Ж.Акимканов |
Каракол шаардык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын
2023-жылдын 4-сентябрындагы
№28-30/11 токтомуна №1 тиркеме
Каракол шаарынын алдыңкы спортчуларына бир жылда бир жолу берилүүчү акчалай сыйлык жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
ü Ушул жобо Каракол шаарынын алдыңкы спортчуларына спорттун түрлөрү боюнча бир жылда бир берилүүчү акчалай сыйлыктын өлчөмүн, аны дайындоонун жана төлөп берүүнүн тартибин аныктайт.
ü Каракол шаарынын алдыңкы спортчуларына акчалай сыйлыктар жергиликтүү бийлик органынын тийиштүү жылга каралган каражаттарынан төлөнөт.
ü Спорттун түрлөрү боюнча эл аралык, азиялык жана дүйнѳлүк мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон Каракол шаарынын жарандары – машыктыруучулары жана спортчулары акчалай сыйлыктын ээси боло алышат.
2. Акчалай сыйлыктын түрлѳрү жана төлөп берүүнүн
тартиби
ü Стипендиялардын өлчөмдөрү календардык жыл ичинде спортчулар көрсөткөн спорттук натыйжаларга жараша, жергиликтүү бийлик органынын бюджеттик каржыланышынын чегинде белгиленет жана спортчуларга бир жылда бир жолу берилет.
ü Акчалай сыйлыктар спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча -2 категорияга (чондор, жаштар-кадеттер), спорттун улуттук түрлөрү боюнча - 2 категорияга (чондор, жаштар-кадеттер), спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча - 3 категорияга (чондор, жаштар-кадеттер) бөлүнөт. Мындан сырткары баардык спорттун түрлѳрү боюнча таблица түзүлѳт (№1 таблица).
3. Акчалай сыйлыкты дайындоонун критерийлери
ü Акчалай сыйлыктар бир жылдык мөөнөткө дайындалат. Акчалай сыйлыкты дайындоо Каракол шаардык дене тарбия жана спорт бѳлүмү тарабынан жүргүзүлгѳн мониторингдин жыйынтыгы менен ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн (№1 таблицадагы) мелдештердин денгээлине ылайык дайындалат.
Эскертүү:
- машыктыруучулар (машыгуу процесстерин эске алуу менен бирге машыктыруучулардын эмгегин жогору баалап) спортчунун алган акчалай сыйлыгы менен бирдей сумма (100 %) алууга тийиш. Акчалай сыйлык жылдын жыйынтыгы менен салтанаттуу түрдѳ Каракол шаарынын мэринин катышуусунда жана Каракол шаардык депутаттар кенешинин депутаттарынын катышуусунда тапшырылат.
- спортчулар жыл башынан баштап, жылдын аягына чейин спорттун түрлѳрү боюнча эл аралык, азиялык жана дүйнѳлүк мелдештерде, кубоктордо, биринчиликтерде (олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча Азия оюндарында, Дүйнөлүк универсиадада жана Ислам тилектештик оюндарында жана башка спорттук мелдештерде) ийгилик жаратканда гана ушул Жобонун 3-пунктунда аныкталган критерийлердин негизинде акчалай сыйлык ала алышат. Мелдештерде катышуучулардын саны 4 мамлекеттен кем болбоого тийиш;
4. Акчалай сыйлыктын ээлерин аныктоо тартиби