Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

 

2024-жылы 19-февралы №7

 

“Багыш айыл өкмөтүнүн Сафаровка айылынын тургуну Осмоналиев Абжапар Исмаиловичтин футбол аянтчасын куруу багытындагы жер аянтын, турак жай куруу багытына өзгөртүп берүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-беренесинин талабына ылайык, Кыргы Республикасынын жерлерин трансформациялоо боюнча 15.07.2013-жылдагы №145-редакцияланган мыйзамынын 1-беренесинин 5,18-пункттарын жетекчиликке алып, “Сабыр Хажы” көп тармактуу айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин башчысы Хаджиматов Каримжан Сабиржановичтин жазган арызынын негизинде Таш-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-февралындагы кезектеги ХХX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Таш-Булак айыл аймагынын Теплица айылында жайгашкан “Сабыр Хажы” көп тармактуу айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин башчысы Хаджиматов Каримжан Сабиржановичтин жалпы аянты 6,5218га, идентификациялык код номер 3-05-12-1002-2187 болгон жеке менчик жер тилкесинин ичинен 0,70га жер аянтын турак жай куруу үчүн, ал эми 0,13,6га жер тилкесин жергиликтүү тургундарга жол куруу үчүн жер категориясынын багытын өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Сузак райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан Сузак райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Сузак районунда курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы суралсын.

 

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына реестрге киргизүү жагы Таш-Булак айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, мыйзамдын талаптарына жооп берген иш кагаздарды даярдап, максаттуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Г.Азимовго, жер адис А.Сатвалдыевге тапшырылсын.

 

5. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Таш-Булак айылдык кеңештин төрайымы

М.С. Алтыбаева