Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры № 43
Алга айыл окмотунун статист-экономист кызматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы № 715 токтомунун негизинде статистикалык маалымааттарды жыйноо, тапшыруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча Кадамжай райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Алга өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишими жөнүндөгү экономика каржы бөлүмунүн башчысы Т.Хамралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Алга айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы № 715 токтомунун негизинде статистикалык маалымааттарды жыйноо, тапшыруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча Кадамжай райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Алга өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Келишимдеги милдеттенмелерди көрсөтүлгөн шарттарда аткаруу жагы Алга айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеништин бюджет жана экономика маселелелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Алга айылдык кенешинин төрагасы: | Ш.Акбаров |