Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы № 46
Алга айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы турак жай салып алган жарандардын жерлерин калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндө
Алга айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы турак жай салып алган жарандардын жерлерин калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кенешинин VI- чакырылышынын кезектеги XVI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы турак жай салып алган жарандардын жерлерин калктуу конуштар категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Иш кагаздарын даярдап аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алга айылдык кенешинин төрагасы: | Ш.Акбаров |