Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты № 50
Алга айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен инвентаризациялоо жөнүндө
Алга айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекттик фондунун жерлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен инвентаризациялоо жөнүндөгү Алга айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Шадиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алга айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлерине мурда түзүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизилсин.
2. Алга айыл өкмөтүнүн мамлекттик фондунун жерлери жер балансы боюнча сакталсын.
3. Алга айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү, инвентаризациялоо Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы менен келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлөдөө жагы жер жана агрардык өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Алга айылдык кенешинин төрагасы: | Ш.Акбаров |